Бүгүн, 2-июнда Стамбул шаарында өтө турган Орусия менен Украина делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнө үчүнчү тарап катышат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Сүйлөшүү Стамбулдагы Чыраган сарайында өтөт.
"Сүйлөшүүлөрдүн алдында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан массалык маалымат каражаттары үчүн ачык кириш сөз сүйлөп, бул маанилүү иш-чараны баштайт деп күтүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун жетекчиси Ибрагим Калын Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катыша турганы айтылууда.
Эске салсак, бүгүн Стамбул шаарында экинчи ирет Орусия-Украина сүйлөшүүлөрү болмокчу. Жыйын Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.