Волейбол: Кыргызстан курамасы Түркмөнстанды утту

Бугүн, 2-июнда Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Түркмөнстанды утту. Беттеш Өзбекстандын Фергана шаарында өттү.

Кыргызстандык спортчулар алгач эки партияда жеңилип (19:25, 21:25), бирок кийин үчүнчү (25:15) жана төртүнчү (25:21) партияларда эсепти 2:2 теңешти. Чечүүчү бешинчи партияда Кыргызстан 15:13 эсебинде жеңишке жетти.

Эми кыргызстандык спортчулар эртең, 3-июнда Өзбекстандын командасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, беттеш Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар лигасынын алкагында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан