CAVA Улуттар Лигасы: Бүгүн Кыргызстан курамасы Түркмөнстан менен беттешет

Бүгүн, 2-июнда Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Түркмөнстандын оюнчулары менен беттешет. Бул тууралуу Борбор Азиянын волейбол ассоциациясы (СAVA) билдирди.

Маалым болгондой, оюн Өзбекстанда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.

Турнирдин тайпалык этабында Кыргызстандын курама командасы Казакстанды 3:1 эсебинде жеңип, андан кийин Пакистанга 0:3 менен утулган. Ал эми А тобундагы акыркы оюнда Казакстан Пакистандын курамасын 3:1 менен жеңген. Бул жыйынтыктан кийин Кыргызстандын курама командасы жарым финалга чыга алган жок. Эми кыргызстандык спортчулар 5-орун үчүн күрөшүн улантат.

Ошондой эле бүгүн Иран- Казакстан жана Индия Пакистан курамалары беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан