Кара-Кулжада күйөөсүнүн колунан каза болгон аялдын беш баласы шектүүнүн эжесинин камкордугуна убактылуу берилген. Бул тууралуу Turmush басылмасына Райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Бегайым Бөкөтаева билдирди.
"Балдарды интернатка жайгаштыруу боюнча социалдык тармактарда көптөгөн маалыматтар тарап жатат. Бирок бул балдарды интернатка жайгаштырууга эч кандай негиз жок... Атасы кармалган күндөн баштап балдарды убактылуу камкордугуна бир тууган эжеси алган", - деген ал.
Буга чейин шектүүнүн бир тууган агасы балдарды өз кароосуна аларын журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирген.
Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аял октон каза тапкан, анын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.