Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келин: Беш бала кимдин көзөмөлүндө болот? 

Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келиндин артында калган беш баласы эми жолдошунун бир тууган агасынын кароосунда болот. Бул тууралуу ал өзү журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди.

"Балдары чоңоюп калышкан. Бири 17де, бири 9-класста окуйт. Атасы менен апасынын тапканын балдардын келечегине жумшайбыз. Материалдык колдоого муктаж эмеспиз. Бизге жардам берет элек деген жарандарды чыныгы муктаждарга берсе дейт элем.

Балдардын ата-энесин мен тааныштырып, үй-бүлө курдургам. Ушул күнгө чейин дагы буларга каралашып, ынтымакта жүргөнбүз. Эми балдарды да өзүм карайм. Мен Бишкекте жашайм. Эгер балдар шаарга барбайбыз дешсе, анда айылга келип жашап, тарбиялаганга даярмын. Менин бир балам Орусияда врач болуп иштейт, дагы бири Германияда окуйт. Ал эми кичинекейим лицейде окуп жатат. Бул балдарга дагы ошондой билим берип, жакшы чоңойтконго аракет жасайм", - деген ал.

Эскерте кетсек, 27-майда 38 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип, күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.

Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келин: Беш бала кимдин көзөмөлүндө болот?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан