Миллиардер Билл Гейтс байлыгын каякка короткусу келгенин ачыктады

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү, миллиардер Билл Гейтс байлыгынын көбүн Африка өлкөлөрүн өнүктүрүүгө жумшоо ниетин билдирди.

"Мен жакында эле жакынкы 20 жыл ичинде өз байлыгымды кайрымдуулукка жумшайм деген ниетимди билдиргем. Бул акчанын көбү Африкадагы кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жумшалат", - деген Гейтс Африка Биримдигинин жыйынында.

Анын фондунун сайтында бул кайрымдуулуктар Африка элинин саламаттыгы жана жыргалчылыгы үчүн ишке ашырылары айтылат.

Буга чейин Билл Гейтс 20 жыл ичинде байлыгынын дээрлик бардыгын өзүнүн фонду аркылуу кайрымдуулук иштерине жумшай турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан