Билл Гейтс 20 жыл ичинде байлыгынын дээрлик бардыгын кайрымдуулукка берүүнү чечти

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү, миллиардер Билл Гейтс 20 жыл ичинде байлыгынын дээрлик бардыгын өзүнүн фонду аркылуу кайрымдуулук иштерине жумшай турганын билдирди.

"Мен дээрлик бүт байлыгымды Гейтс фонду аркылуу дүйнө жүзүндөгү адамдардын жашоосун сактап калуу жана жакшыртуу үчүн жумшайм. Ал эми фонд 2045-жылдын 31-декабрында жабылат...

Мен өлгөндөн кийин адамдар мен жөнүндө көп нерселерди айтышат. Бирок мен алардын эч кимиси "ал бай болуп өлдү" деп айтпай турганына ишенем", - деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Ал фонду кайрымдуулукка 25 жылда 100 миллиард доллардан ашык акча жумшаганын, жакынкы 20 жылдын ичинде бул сумманы эки эсеге көбөйтүү пландалганын белгилеген.

Гейтстин учурдагы байлыгы 108 миллиард доллар деп бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан