Садыр Жапаров: "Бакиевди өлкөгө алып келүүгө кызыкдар эмесмин"

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эместигин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.

"Бакиевди алып келүүгө чынында кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп жатышат. Ошондуктан Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин",- деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы өлкөдө стабилдүүлүк болуп турушун кааларын айтып, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

"Чындап эле эски жараны чукубай эле коёлучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кетти".

Эске салсак, 3-июнда Кой-Таш окуясына байланыштуу Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарган. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күнөөлүү деп табылып, ал мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Сот чечими тууралуу Кадыр Атамбаев пикирин билдирип, мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан