Садыр Жапаров Түштүк Кореянын жаңы шайланган президентин куттуктады

Бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Түштүк Кореянын президенти кызматына шайланганы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы сиздин республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили",- деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле өлкө башчысы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы бекемдөөгө салым кошууга даяр экенин билдирип, Ли Чжэ Мёнго бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалаган.

Эске салсак, Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо Демократиялык "Тобуро" партиясынын талапкери Ли Чжэ Мён жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан