Өкмөт башчы Касымалив Душанбеде тажикстандык кесиптеши менен жолукту 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар негизинен эки өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүшкөн.

Өкмөт башчылары бул жылы кыргыз-тажик кызматташууларында маанилүү окуялар жана иш-чаралар болгонун белгилешип, мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимдерге кол коюлганы, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекити аныкталып, жыйынтыгында Худжанд декларациясы кабыл алынганына токтолушкан.

Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана авиакаттамдар боюнча маселелерди сүйлөшүп, бул тармактар эки элдин ортосундагы туризмди, бизнести жана маданий алакаларды өнүктүрүү үчүн кошумча стимул болорун билдиришкен.

Жолугушуунун соңунда Касымалиев менен Расулзода эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүү доору башталганын, өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык тереңдээрине ишенерин билдиришип, эки мамлекеттин элин алдыдагы Курман айт майрамы менен куттукташты.

Айта кетсек, бүгүн, 4-июнда Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барган. Анын алкагында ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан