Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдагандай, Касымалиевди Душанбе эл аралык аэропортунан коңшу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.