Эверестти багындырган Акимжановага "Патриот" сыйлыгы берилди

Эверестти багындырган жеке ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан "Патриот" сыйлыгын алганын билдирди.

"Менин Эверестке болгон жолум – бул жөн гана жеке максат эмес, ал бүтүндөй кыргыз элинин, мекенимдин намысы үчүн жасалган кадам болду. Ар бир кадамымда элимди эстедим, ар бир кыйынчылыкта сиздердин колдооңуздарды сездим.

Бул эмгегимди баалап, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан "Патриот" сыйлыгы менен сыйланышым – мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Бул сыйлык –менин гана эмес, баарыңыздардын колдооңуздар менен келген жеңиш.

Силердин жүрөктөн чыккан сөздөрүңөр, ишенимиңер, дубаларыңар мага дем-күч берди. Ар бир кадамымда ошол күчтү сездим. Ар бириңиздерге рахмат!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан