АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны жубайы менен бирге Кытайга келип кетүүгө чакырганын билдирди.
"Президент Си биринчи айым экөөбүздү Кытайга чакырды", - деп жазды ал Truth социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Трамп Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирип, анда соода маселелери талкууланганын белгилеген. Ал ошондой эле сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын кошумчалаган.