Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган Айбек Уланов яяяяяяяяяяяяяяянун чечими менен 4-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Буга чейин борбор калаа милициясы ал кармалганын, Улановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы 30-майда Уланов кармалганын билдирип, анын кечирим сураган видеосун жарыялаган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалаган. Бирок коомчулук анын камакка алынбастан коё берилишин сынга алган.
Айбек Уланов 26-майда Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин киши колдуу каза болгон келин тууралуу билдирүү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.