Гонконгдо Трамп менен Зеленскийдин чатагы сахналаштырылды (видео)

Кытайдын Гонконг шаарында "Эгиз президент: Трамп" операсы коюлганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Драматург Эдвард Ли жазган комедиялык опера алгач 2019-жылы коюлган. Андан бери сюжет үч жолу оңдолгон. Акыркы версиясында Трамп менен Зеленскийдин Ак үйдөгү урушу да чагылдырылган. Ошондой эле операда АКШ президентине болгон кол салуу аракети да көрсөтүлгөн.

Аталган опера 5-июнда коюлган. Белгилей кетсек, ал күнү Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Трамптын ортосундагы кайым айтышуу 28-февралда Вашингтондогу Ак үйдө орун алган. Анда Зеленский Ак үйдөн белгиленген убакыттан эрте чыгып кеткен. АКШнын вице-президенти болгон жагымсыз окуяга украин башчысын айыптаган.

07.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан