Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкө аймагында кулчулуккка кабылган делген Нигериянын үч жараны боюнча маалымат берди.
Атайын кызмат факт боюнча май айында Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгонун белгиледи. Алар мыйзамсыз миграция каналын уюштуруучуларынын аракеттеринен жапа чеккендер болгон.
УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын, тергөө иштери аяктагандан кийин Нигериянын жарандарына өз өлкөсүнө кайтууга зарыл болгон жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин маалымат каражаттарында өлкө аймагында Нигериянын үч жараны оор жашоо шартында жүргөндүгү тууралуу маалыматтар жарыяланган. Тышкы иштер министрлиги бул боюнча тешелүү иштер жүрүп жатканын билдирген.