ТИМ өлкөдө Нигериянын үч жараны кулчулукта кармалган делген маалымат боюнча билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги өлкө аймагында Нигериянын үч жараны оор жашоо шартында жүргөндүгү тууралуу массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.

Министрлик учурда компетенттүү мамлекеттик органдар түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу изилдөө жана аны тийиштүү түрдө жөнгө салуу максатында зарыл болгон чараларды көрүп жатканын белгиледи.

ТИМ ошондой эле бул маселени тез арада чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара тыгыз иш алып барып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан