Оштогу Лениндин эстелиги кайда көчүрүлөрү белгилүү болду

Ош шаарынын мэриясы калаанын борбордук аянтынан алынган Владимир Ильич Лениндин эстелиги "Мээрим" эс алуу багына орнотуларын билдирди.

Ошондой эле калаа бийлиги алынган айкелдин ордуна 95 метрлик желек сап (флагшток) коюларын белгилеп, жарандарды маселени саясатташтырбоого чакырды.

Буга чейин социалдык тармактарда Ошто Лениндин айкели алынып жатканда тартылган сүрөттөр тараган болчу. Өз кезегинде мэриянын бул кадамын Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сынга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан