АКШнын Каржы министри Скотт Бессент менен милиардер Илон Масктын ортосунда мушташ болгон эмес. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
Бирок ал экөөнүн ортосунда талаш-тартыш болгонун моюнга алган.
"Мен муштум менен урушкан деп айта албайм. Албетте, пикир келишпестиктер болду... Мен ал жерде болгон эмесмин. Мен өз көзүм менен көргөн жокмун", - деген ал болгон окуяны башка адамдар айтып беришкенин кошумчалаган.
Буга чейин The Washington Post басылмасы Маск министр Бессент менен мушташып кеткенин жазып чыккан. Басылма бул темага май айынын аягында Өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин жетекчиси кызматынан кеткен Маск Ак үйдөгү коштошуу пресс-конференциясына көзү көгөрүп келгендиктен кызыккан.