Австриянын Грац шаарындагы мектепте кол салууга шектелип жаткан адамдын үйүн тинтүү учурунда колго жасалган жардыргыч зат табылды. Бул тууралуу Heute жеке булактарына таянуу менен билдирди.
Ошондой эле ок аткан адам апасына коштошуу видеосун жөнөткөн. Анда ал өз каалоосу менен кол салууну чечкенин айткан. Шектүүнүн апасы видео жөнөтүлгөндөн 24 мүнөттөн кийин көрүп, полицияга кайрылган. Бирок уулу ал убакта мектепте окуучуларды атып салган.
Буга чейин 21 жаштагы шектүүнүн үйүнөн кат табылганы маалым болгон.
Айта кетсек, бүгүн, 10-июнда Австриянын Грац шаарындагы мектепте болгон атышуудан 11 адам каза таап, 30дан ашуун адам жаракат алганы маалымдалган.
Австриялык телеканалдардын маалыматы боюнча, шектүү теңтуштары тарабынан шылдыңдоого кабылган. Ал эки класска кирип, болжол менен 40 жолу ок чыгарган. Андан соң мектептин ичинде өз жанын кыйган. Жабыркагандардын арасында мугалимдердин да болгону айтылууда.
Учурда Австрия бийлиги бардык ички саясий иш-чараларды токтоткону жана окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды. Мындан тышкары өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.