Теңтуштары шылдыңдашкан... Австриядагы мектепте болгон ок атышуунун видеосу тарады (видео)

Бүгүн, 10-июнда Австриянын Грац шаарындагы мектепте болгон атышуудан 11 адам каза таап, 30дан ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү окуя болгон мектепте билим алган. Австриялык телеканалдардын маалыматы боюнча, шектүү теңтуштары тарабынан шылдыңдоого кабылган. Ал эки класска кирип, болжол менен 40 жолу ок чыгарган. Андан соң мектептин ичинде өз жанын кыйган. Жабыркагандардын арасында мугалимдердин да болгону айтылууда.
Учурда Австрия бийлиги бардык ички саясий иш-чараларды токтоткону жана окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.
Австрияда мектептеги ок атышуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан