Бүгүн, 17-июнда Ошто бычакталып каза болгон 1997-жылкы А. У. аттуу тамаданын жаназасы окулду. Бул тууралуу маркумдун айылдаштары билдиришти.
"Окуяны угуп, жаман болдук. Айылдашыбыз жакшы жигит эле. Ата-энеси да кайтыш болуп кеткен. Бүгүн жаназасына катышып, бир туугандарына көңүл айтып келдик",- деп билдиришти анын коңшулары.
Буга чейин, Ошто 28 жаштагы тамада жердеши менен пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, алган жаракатынан улам ооруканада каза болгондугу тууралуу маалымат тараган.
Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, шектүү катары 1992-жылы туулган М. Э. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.