Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында порнографиялык элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунда порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент түшүнүгүн аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо менен интернетке таратууга тыюу салуу, аны тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Долбоорду Жогорку Кеңештин 28 депутаты демилгелеп чыккан.
Аталган мыйзам 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында кызуу талкуу жараткан.