Футбол жылдызы Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубу менен келишимин 2027-жылдын жай мезгилине чейин узартты. Бул тууралуу аталган футбол клубу жарыялады.
Португалиялык футболчу Сауд Арабиясында 2023-жылдын январь айынан бери ойноп келет. Өткөн сезондо Роналду бардык турнирлерде "Аль-Наср" үчүн 41 оюн өткөрүп, 35 гол киргизип, 4 голдук пас берген.
Эске салсак, май айында Роналдунун "Аль-Насрдан" "Аль-Хилялга" өтүшү мүмкүн экени айтылган. Кийин июнь айынын башында футболчу карьерасын "Аль-Наср" клубунда улантууну пландап жатканын билдирген.