Роналду футбол дүйнөсүндө рекорддук маяна алат

"Аль-Насрдын" чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабиясынын клубу менен жаңы келишимге кол койгондон кийин футбол боюнча рекорддук маяна алат. Журналист Танкреди Палмери социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ал жылына 263 миллион евро аларын билдирди.

Буга чейин Роналду "Аль-Наср" клубу менен келишимин 2027-жылга чейин узартканы белгилүү болгон. Анын мурунку келишими 2025-жылдын 30-июнунда аяктамак.

Журналист башка футболчулардын да жылдык маянасы тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, "Аль-Иттихаддын" француз чабуулчусу Карим Бензема менен аргентиналык "Интер Майаминин" чабуулчусу Лионель Месси келишим боюнча 200 миллион евро алса, кийинки орунда жылына 77,5 миллион евро алган "Реалдын" француз чабуулчусу Килиан Мбаппе турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан