Ош шаарынан Ысык-Көлгө эс алууга окуучулардын эсебинен ата-энелер да бара жатышат деген видео тарады. Анда кичи автобустун ичинде балдарга орундук жетпей, ортого жыгач отургучка отургузулган кызды көрүүгө болот. Айдоочу алардын ордуна ата-энелердин отуруп алгандыгын айтып, балдардын эсебинен бара жаткандыгын билдирген.
Бул көрүнүш коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүп, нааразычылык жаратууда.
Алар “Келечек” таланттуу балдар борборунун комузчу окуучулары экендиги айтылууда. Алар эки кичи автобус жалдашып, экөөндө тең ордундук жетпей калган. Анткени эсептелген окуучулардын ордуна ата-энелер отурушкан.
Айрым интернет колдонуучулары ал ата-энелердин айрымдары аталган борбордун жетекчисинин жакындары экендигин жазышууда.