Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын "Апрель" телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы канааттандырылды. Маалыматты Бишкек шаардык соту ырастады.
Маалыматка ылайык, чечимди кечээ, 9-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган.
Эске салсак, апрель айында Октябрь райондук прокуратурасы "Апрель" телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылганы белгилүү болгон.