Дарыгерлер, мугалимдер сөзсүз түрдө үй менен камсыз болушу керек. Мындай тапшырманы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 22-июлда Ноокен районунун Масы айылында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштери менен таанышууда койду.
"Бизди окуткан жана ден соолугубузду караган ошолор. Биринчи мугалим менен дарыгерлерге бергиле. Андан соң кийинки кезектегилерге бергиле. Ушул райондо "менин үйүм жок" деген дарыгер калбасын", - деди ал.
Атайын кызмат башчысы мындай жеңилдик билим берүү жана медицина тармагында эмгектенген үйү жок адамдарга гана экенин белгиледи.