Эне тилге эки мүнөт: "Акма кулак", "ата безер" деп кандай адамдарга карата айтылат?

Порталыбыздын "Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизмдерди чечмелейбиз. Бул жолу керки-балтасы колунда, көзү түз, чач этектен, жаасы катуу, абыгер чегүү, акма кулак, ата безер, бакан ооз, баса көктө жана далысын салуу деген туруктуу сөз айкалыштарынын маанилерине токтолобуз.

Керки-балтасы колунда - шайдоот, шамдагай деген мааниде айтылат. Мисалы, Зууракандын керки-балтасы колунда... көңүлү келгенде тоону томкоруп, ойду опуруп жиберет өзү.

Көзү түз - мамилеси жакшы, ниети таза, арам ою жок.

Чач этектен - өтө көп, эң көп, абдан мол (байлык ж.б. карата). Мисалы, алардын дүнүйө-мүлкү чач этектен.

Жаасы катуу - айтканынан, бет алганынан кайтпаган, өз билгенин бербеген, эпке көнчүдөй түрү жок, талабы катуу, катаал деген мааниде колдонулат. Мисалы, өңгөсүнөн да Нураимдин жаасы катуу го.

Абыгер чегүү - азап тартуу, кыйналуу, капа болуу, түйшүк тартуу. Мисалы, ал ак кызматы үчүн алкыш алуунун ордуна запкы тартып, абигер чеге баштады.

Акма кулак - унутчаак, укканын, уккан сөзүн бат унутуп койгон адамга карата колдонулат. Мисалы, акма кулакка айтсаң - агып калат, куйма кулакка айтсаң -куюп калат.

Ата безер - эч кимге баш ийбеген, өтө ээн баш. Мисалы, жалгыз бала деп көзүн карап жүрүп, ошондой ата безер болуп калбадыбы.

Бакан ооз - тыңчы, ушакчы. Мисалы, алар бакан ооз болгону үчүн кармалып отурушат.

Баса көктө - эч нерсеге карабай, өз билгендей, уруксатсыз иштөө, зордоп, өкүм мамиле жасоо деген мааниде айтылат. Мисалы, жол бербегендерди сүрүп таштап, баса көктөп келе берди.

Далысын салуу - жактырбагандай, сүйбөгөндөй, таарынып калгандай кайдыгер мамиле жасоо. Мисалы, ичкери кирген соң да керебетте жаткан бала жакка карабай, кырстанып даласын салып отурду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан