Кыргыз-тажик чек арадагы жагдайдын курчушуна байланыштуу Тажикстандын жана Кыргызстандын чек ара мекемелеринин жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап чек арадагы жагдай тууралуу сөз көтөрүп, маселелерди бир гана сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын билдирди. Тажикстан Республикасынын УКМКсы Чек ара аскерлеринин кол башчысы генерал-лейтенант Ражабали Рахмонали түзүлгөн жагдайды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга жана мамлекеттик чек арада чырдын курчушуна жол бербөөгө даярдыгын билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн 3-4 саат мурун Баткенде абал кайра курчуган.