Булгаары иштеткен жаш ишкер: "Буюмдарымдын эң кымбаты 70 миң сомго чейин барат"

Жергебизде жаратман адамдар көп. Алар талантын, жөндөмүн колдонуп чакан ишкерлик жүргүзүү менен үй-бүлөсүн багып гана тим болбостон, аймактын экономикасынын өсүшүнө көмөк көрсөтүп келүүдө.

SUPER.KG порталы аймактын жаратман адамдарынын бейнеси менен тааныштырууну улантат. Бул жолу Нарын шаарында булгаары иштетип, ээр-токум, кур, капчык сыяктуу буюмдарды жасап, эл кызматын аркалап келген жаш ишкер Эржан Төлөбек уулу тууралуу сөз кылабыз.

Эржан Төлөбек уулу Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында 1995-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Бишкектеги Семён Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында тери иштетүү жаатында билим алган. Андан кийин Нарын мамлекеттик университетинин көркөм өнөр бөлүмүндө билимин улантып, 2021-жылы аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Эржан кичинекей кезинен сүрөт тартууга болгон кызыгуусу жана жөндөмү булгаарыдан түрдүү буюмдарды жасоого өбөлгө болгонун айтат.

"Туугандарым дагы кол өнөрчүлүккө жакын адамдар. Кичинекей кезимде эле сүрөт тартканды жакшы көрчүмүн. Ар кандай кароо-сынактарга катышып келгем. Жакындарым дагы "сүрөтчү бол" деп калышты, өзүмдө дагы кызыгуу чоң болчу. Буга байланыштуу 9-классты аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында тери иштетүү жаатына тапшырып калдым. Бул тармакты сүрөткө басым жасалганын тандап алгам", - деп белгиледи ал.

Эржан Төлөбек уулу Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайын аяктаган соң борбор калаадагы тери иштетүүчү заводдордун биринде бир жылдай иштеп, тажрыйба топтойт. Кийинчерээк кичи мекени Жерге-Талга кайтып, мектептен ташкыркы балдардын чыгармачылык билим берүү борборунда 2 жылдай окуучуларга булгаарыдан буюмдарды жасаганды үйрөтөт. Окуусуна байланыштуу Нарын шаарына көчүп келип, чакан ишкерлигин баштаган.

"Нарын шаарында өнөркана ачып иштететип жатканыма 2 жылдай болуп калды. "Алгач ишти баштаганда кээ бир инструменттерди колго жасап анан баштагам. Көпчүлүгүн кол менен жамачубуз. Кийинчерээк "Демилгелүү жаштар" долбооруна катышып, грант утуп алгам. Анын жайынтыгында керектүү жаңы инструменттерди алдым.

Азыркы учурда барсеткаларды, капчыктарды, курларды, ат жабдыктарынын түрлөрүн жасайм. Буюмдарыбызды өнөрканадан алып кетишет. Мындан сырткары Ат-Башыдагы базарга ар апта сайын чыгып турабыз" деди ал.

Өнөрканада жасалган буюмдардын баалары ар кандай. Айталы, барсеткалардын наркы 1500 сомдон 3 миң сомго чейин болсо, капчыктар 600 сомдон жогору. Ал эми ат жабдыктары комплекти менен орточо баасы 30 миң сомдун тегерегинде болсо, эң кымбат 70 миңге чейин болот.

"Ат жабдыктар кымбатыраак. Ээр менен толук комплект кылып көп деле чыгарбайбыз. Кардарлар ээрди өздөрү алып келишет. Бизге сыртын комплект кылып булгаары менен жасатышат. Ал 30 миң сомдон башталат. Кээде 70 миң сомго чейин жасаткандар болот. Баалар материалга дагы жараша коюлат".

Учурда Эржан шакирттери бар экенин айтып, аларга кол өнөрчүлүк менен алектенүүнү үйрөтүп жатканын кошумчалады.

"Чогуу иштеген инилер бар. Кээде улуу агалар дагы келип үйрөнөлү деп калышат. Бирок үйрөтүү бир топ кыйын. Көп убакыт талап кылат. Жадакалса өзүм деле көп нерсени азыр деле үйрөнүп жатам", - деди ал.

Эржан Төлөбек уулу келечекте өнөрканасын кеңейтип, керектүү фурнитураларды өндүрүү максатынын үстүндө иштөөдө.

"Булгаарыны Бишкектен сатып алабыз. Фурнитуралары бизге бир аз көйгөй жаратат. Сапаты жакшылары аябай кымбат. Учурда фурнитураларды өзүбүз жасоого аракет көрүп жатабыз", - деп сөзүн аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан