Биз социалдык тармакта

Мэр өзү жардамдашып... Жеңишбек Токторбаев "Достук" чек ара бекетин текшерди (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Өзбекстандан Ош шаарына кире берген "Достук" өткөрмө бекетинде оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

Видеодо көрүнгөндөй, мэр ал жерде жол жээгине чыгып, соода кылып жаткандарга эскертүү берди. Ошондой эле калаа башчысы жеринде калаа тургундарынын көйгөйлөрүн дагы укту.

Айта кетсек, бекетте жолдун эки жээги иретке келип, дүкөн, тамактануучу жайлардын сырткы көрүнүшү бир калпта жасалууда.

Белгилей кетсек, 26-февралда Ош шаарынын башчысы "Достук" өткөрмө бекетине кире бериш аймакты кыдырып, башаламан курулган соода түйүндөрүн оңдоо тапшырмасын берген. Ал эми рейд учурунда ал аймакты токойго айланып бара жатат деп сындап, Кыргызстандын жүзү үчүн тез арада иретке келтирүү керектигин кошумчалаган.

02.07.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан