Биз социалдык тармакта

"Коркуп жатасыңбы?" Ташиевди Ак-Талаанын акими конокко чакырмай болду (видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунун акими Мирлан Камчыбековго кайрылып, октябрь айында аймакка барарын айтты.

Атайын кызматтын башчысы Нарын шаарына болгон иш сапарында аны менен жолугуп, районго керектүү техникалардын тизмесин түзүп, президенттик администрацияга берүүнү тапшырды. Ташиев техникаларды райондун өзүндө тапшырыларын белгиледи.

"Ак-Талаага баралыбы? Конокко чакырбайсыңбы? Же коркуп жатасыңбы? Октябрдын башында барабыз. Баетовду жууп, тазалап, жолдорун оңдоп, мектептерди актап, сырдап даяр тур. Эл менен да жолугушабыз. Эгерде сенин ишиңе нааразычылыктар айтылса, анда "чатак" болот",- деди ал.

Камчыбеков УКМКнын жетекчисинин сунушуна макул экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан