Португалиялык футболчу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригеске үйлөнүү сунушун киргизди. 40 жаштагы спортчу ага кымбат баалуу бриллиант нике шакегин белек кылган.
Жоржина өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында "Мен макулмун. Учурда жана өмүр бою" деген билдирүү калтырып, манжасына шакек салынган сүрөт менен бөлүштү.
Эске сала кетсек, түгөйлөр 2016-жылдан бери мамиледе.