Биз социалдык тармакта

Дзюдочу Мухаммедали Ырысдөлөтов эл аралык мелдеште коло медаль жеңди

Кыргызстандык жаш дзюдочу Мухаммедали Ырысдөлөтов Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026" эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болду. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда мэриядан билдиришти.

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Мухаммедали алгачкы беттешинде өзбекстандык Довудназар Мурадовду жеңип, кийинки айлампада россиялык Арсений Ширкановго утулуп калды. Андан соң канадалык Эмельян Соколовду жана грузиялык Мате Тамазашвилини жеңип, мелдештин коло медалын багындырды.

Белгилей кетсек, "Saber Tashkent Grand Prix Cadets 2026" эл аралык турнири 24-25-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өттү. Ага 19 өлкөдөн 250гө жакын жаш дзюдочу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан