Лос-Анжелес полициясы Брэд Питтин үйүн тоногон төрт адамды кармады. Бул тууралуу ABC News кабарлады.
Маалыматка караганда, кылмышкерлер Түштүк Калифорниянын райондорунда да кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Кармалган адамдар боюнча толук маалымат айтылган жок. Иш райондук сотко өткөрүлөт.
Эске салсак, 27-июнда Брэд Питтин Калифорниядагы үйү тонолгондугу белгилүү болгон. Белгисиз адамдар актёрдун үйүнө терезе аркылуу кирип, бир нече буюмду алып кетишкен.
Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкерлер белгисиз суммадагы кымбат баалуу буюмдарды да уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын так суммасы айтыла элек.