Кечээ, 13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын көпүрөсү жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулап, жол каттамы убактылуу токтотулган.
Ал эми медиа порталыбызга кайрылган жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышкан.
Бүгүн, 14-августта президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү жүк ташыган унаа дарыядан чыгарылганын билдирди. Маалыматка таянсак, айдоочу табыла элек. Издөө иштери улантылууда.