Биз социалдык тармакта

Беларустун премьер-министри Кыргызстанга келди (фото)

Бүгүн, 14-августта “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Беларусь республикасынын премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Турчинди "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан