Бүгүн, 15-августта Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразиянын өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуусун жыйынтыктады.
Мишустин эрте жыйынтыктаганын АКШ менен Орусиянын Аляскадагы жолугушуусуна байланыштырды.
"Кечирип коюңуздар, Москвага кайтып кетишим керек. Билесиздер, бүгүн Аляскада Орусиянын жана Американын президенттери Владимир Владимирович Путин менен Дональд Трамптын катышуусунда саммит өтөт",- деди Мишустин сүйлөгөн сөзүнүн аягында.
Жыйын Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Ага бир КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышууда.