Социалдык баракчаларда кечээ, 15-августта Жалал-Абадда белгисиз бир адам 11 жаштагы кызды алдап, уурдап кетип кармалгандыгы боюнча видео тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, ал кызга балмуздак алып берем деп алдап, башка шаарга алып кетүүнү көздөгөн. Бирок WhatsApp тиркемеси аркылуу маалыматтар ыкчам тарап, элдин активдүүлүгүнүн аркасында кыз табылып, ууру кармалды.
Кыз аман-эсен куткарылып, ата-энесине тапшырылды.
Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы бул боюнча маалыматты тастыктады. Кошумча маалымат берилет.