Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзиёеваны кабыл алды

Бүгүн, 20-августта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты.
Жапаров Өзбекстан президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.
Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлгөн "Заковат" интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан