Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.
Өкмөт билдиргендей, Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп жүрдү.
Ал жакта Казакстандын президенти 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.