Оштун мэри датканын күмбөзүн өз эсебинен жасарын айтты (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Кара-Суу районунда жайгашкан Сары-Мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн оңдоорун айтты.

"Күмбөз бир аз каралбай эскирип калыптыр. Ошол күмбөздү өзүмдүн, үй-бүлөмдүн эсебинен татынакай кылып, кооздоп, кайра куруп берейин дедим. Алымбек датка атабыздын, Курманжан датка энебиздин батасы тийсин дегеним. Азыр колумда калыбына келтирүүнүн 2 варианты турат",- деди ал Алымбек датканын эстелигинин ачылышында.

Буга чейин июль айында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн билдирген.

27.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан