“Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун СИЗОдо камалышына бир ай кошулат” деп бүгүн, 15-январда КРнын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура райондук сотко Ахматбек Келдибековдун камакка алуу убактысын узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Мунун себебинен Октябрь райондук сотунун судьясы Жамиля Сабитова көчмө жыйын уюштурду. Ошол иш-чарада депутаттын СИЗОдо камалышына бир ай кошуу тууралуу чечим чыгарылды.
Белгилей кетсек, учурда “Ата Журт” партиясынын депутаты Бишкек шаарындагы №4-ооруканада тизесинен операция болуп, дарыланууда.