Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин V сессиясынын расмий ачылышы болду. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин кезектеги сессиясын ачык деп жарыялап, андан соң гимн жаңырды.
Айта кетсек, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат.