Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын бейитине барды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, калаа башчы дин өкүлдөрү жана даткалардын урпактары менен жолугушту. Көрүстөндө кан чыгарып, куран окулду.
Ошондой эле жаңыдан курула турган күмбөздүн долбоорун талкуулашып, бүгүнтөн тарта иш башталды. Мындан сырткары, көрүстөндүн кире бериши да оңдолот.
"Бул иштерге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүп, күмбөздөрдү жаңыдан курдуруп бермей болушту",- деп айтылат маалыматта.