Токмок шаарында мотоциклдин 23 жаштагы айдоочусу 3 жарады сүздү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-сентябрда болжол менен саат 23:30 чамасында болгон. Кырсыктан 21 жаштагы жарандар ооруканага жаткырылган. Ал эми 1 жаштагы ымыркай окуя болгон жерде чарчап калган. Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаракат алгандар жубайлар экени айтылууда. Чарчап калган бөбөк алардын наристеси болгон.