Кийинки жылы эки учак сатып алынат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда президент Садыр Жапаров Нарын аба майданынын ачылыш аземинде билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, ички каттам үчүн Bombardier Dash 8 учагы, ал эми эл аралык каттам үчүн Airbus же Boeing учагы сатылып алынат.
"Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдарын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин түрдө көбөйөт. Bombardier Dash 8 учагын Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек багытында үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө",- деди Жапаров.