Биз социалдык тармакта

Токмокто ымыркайды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды

Токмок шаарында 1 жаштагы ымыркайды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Буга чейин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кечээ, 7-сентябра 23 жаштагы айдоочу бир үй-бүлө мүчөлөрүн сүзүп кеткенин маалымдаган.

Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы жубайлар ооруканага жаткырылса, алардын 1 жаштагы ымыркайы окуя болгон жерде чарчап калган.

Облустук милиция наристенин апасы шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилгенин тактады. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан