Биз социалдык тармакта

Францияда жаңы премьер-министр дайындалды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коргоо министри Себастьян Лекорнюну премьер-министр кылып дайындады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.

Маалым болгондой, ал парламент менен сүйлөшүп, жаңы бюджетти кабыл алдыруу жана өкмөттүн курамын сунуштоо милдетин алды.

1986-жылы төрөлгөн Лекорню 19 жашында саясатка аралашып, 27 жашында Вернон шаарынын мэри болгон.

  • 2017-жылы - мамлекеттик катчы
  • 2018-жылы - аймактар боюнча министр
  • 2020-жылы - деңиз аймактары боюнча министр
  • 2022-жылы - коргоо министри болуп эмгектенген

Ал Францияда Макрон дайындаган жетинчи премьер-министр болуп калды. Лекорню парламентте ишеним добушун ала албай кулаган Франсуа Байрунун ордуна келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан